+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88
2009-жылдын 22- февралынан баштап, Кыргыз Республикасынын “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” боюнча 04.08.08-жылдагы №188чи Мыйзамы күчүнө кирди.
Милдеттүү камсыздандыруу келишимин кооптуу жүктөрдү транспорт каражаты менен ташууну ишке ашырган физикалык жана юридикалык жактар түзүүсү керек.
Камсыздандыруу келишими ар бир жүк ташуучу транспорт боюнча өзүнчө түзүлөт.
Камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруунун суммасы, темир жол транспортунан тышкары, жүктүн коркунуч классына, жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша болот жана бекитилген минималдык камсыздандыруу суммасынан төмөнкү таблицага ылайык аз болушу мүмкүн эмес:
Коркунуч класстары |
Камсыздандыруу суммасынын, сом менен минималдык өлчөмү |
|||||||
Жүк ташуучу транспорт каражаттары |
||||||||
2,5 тоннага чейин | 5 тоннага чейин | 7,5 тоннага чейин | 10 тоннага чейин | 12,5 тоннага чейин | 15 тоннага чейин | 20 тоннага чейин | 20 тоннадан жогору | |
Класс 1 Жарылуучу каражаттар; |
1 500 000 | 3 000 000 | 5 500 000 | 8 000 000 | 10 500 000 | 13 000 000 | 17 000 000 | 20 000 000 |
Класс 2 Кысылган, суюлтулган жана басым менен ээритилген газдар; |
1 000 000 | 2 000 000 | 3 500 000 | 5 000 000 | 6 500 000 | 8 000 000 | 10 000 000 | 12 000 000 |
Класс 3 Бат тутануучу заттар; |
1 000 000 | 2 000 000 | 3 500 000 | 5 000 000 | 6 500 000 | 8 000 000 | 10 000 000 | 12 000 000 |
Класс 4 Бат тутануучу заттар жана материалдар; |
1 500 000 | 3 000 000 | 5 500 000 | 8 000 000 | 10 500 000 | 13 000 000 | 17 000 000 | 20 000 000 |
Класс 5 Кычкылдандыруучу заттар жана органикалык перекистер; |
1 500 000 | 3 000 000 | 5 000 000 | 7 000 000 | 9 000 000 | 11 000 000 | 13 000 000 | 16 000 000 |
Класс 6 Уулуу (токсиндүү) заттар; |
1 500 000 | 3 000 000 | 5 500 000 | 8 000 000 | 10 500 000 | 13 000 000 | 17 000 000 | 20 000 000 |
Класс 7 Радиоактивдүү жана инфекциялык заттар; |
2 000 000 | 4 000 000 | 7 000 000 | 10 000 000 | 13 000 000 | 16 000 000 | 20 000 000 | 24 000 000 |
Класс 8 Каустикалык жана карозиялык заттар; |
1 500 000 | 3 000 000 | 5 000 000 | 7 000 000 | 9 000 000 | 11 000 000 | 13 000 000 | 16 000 000 |
Класс 9 Башка кооптуу заттар. |
1 500 000 | 3 000 000 | 5 000 000 | 7 000 000 | 9 000 000 | 11 000 000 | 13 000 000 | 16 000 000 |
Үчүнчү жактардын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келүү коркунучунда жоопкерчилик лимити, бир адамга 300 000 сомду түзөт.
Темир жол транспорту үчүн, баардык класстагы коркунучтарга камсыздандыруу суммасынын бирдиктүү минималдуу өлчөмү бекитилип, ал 1 200 000 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу премиясын эсептөө үчүн темир жол транспорт бирдигине негиз катары жүктөрдү ташуунү ишке ашырган локомотив кабыл алынат.
Базалык камсыздандыруу тарифи баардык транспорт каражаттары боюнча 1 % түзөт.
Камсыздандыруу келишими, жазуу түрүндө камсыздандыруу полисин берүү жолу менен 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.