+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Жумуш берүүчүнүн, жумушчулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарып жатканда зыян келген кезде жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2009-жылдын 12-февралынан баштап, Кыргыз Республикасынын “Жумуш берүүчүнүн, жумушчулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарып жатканда зыян келген кезде жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” боюнча 05.08.08-жылдагы №194чү Мыйзамы күчүнө  кирди.

Кимдер милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүшү керек?

Милдеттүү камсыздандыруунун аталган түрү жумушчулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарып жатканда зыян келген кезде жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин, милдеттемелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн көлөмдө камтыйт.

Милдеттүү камсыздандыруу келишимин, орто тизме менен алганда жумушчулардын саны 50дөн ашпаган жумуш берүүчүлөр 2013-жылдын 1-январынан баштап түзүүсү керек.

Камсыздандыруу жагдайы

Камсыздандыруу жагдайы катары, жумушчу (жумушчулар) эмгектик (кызматтык) милдетин (милдеттерин) аткарып жатканда, өндүрүштүк факторлордон улам зыяндуу же коркунучтуу заттардын таасиринен жана кесепетинен кесиптик оорууларга чалдыкса, туруктуу эмгекке жарамдуулугун жоготсо же кызматкер өлүмгө учураган кырсыктар эсептелет.

Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, зыяндын көлөмүн (камсыздандыруу төлөмү) аныктоо тартиби, Кыргыз Республикасынын аракеттеги Эмгек мыйзамдарынын талабына ылайык аныкталат.

Камсыздандыруу суммасы

Камсыздандыруу суммасы жумушчулардын келишим менен иштеген (контракт) бир жылдык эмгек акыларынын фондунан кем эмес өлчөмдө бекитилет. Бир жумушчуга камсыздандыруу келишими ошол жумушчунун бир жылдык эмгек акысынын фондунан кем эмес өлчөмдө бекитилет.

Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча бекитилген камсыздандыруу суммалары камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин максималдуу лимити болуп эсептелет.

Камсыздандыруу сыйлыгы

Келишим боюнча жылдык камсыздандыруу сыйлыгы, ишкананын баардык категориядагы персоналдарынын бир жылдык камсыздандыруу сыйлыгынын суммасына барабар.

Персоналдын категориясы боюнча (өндүрүштүк, административдик-башкаруучулук жана жардамдашуу) адистик коркунучтун тийиштүү классынын камсыздандыруу тарифинин өнүмүнө, персоналдык тийиштүү категориясынын бир жылдык эмгек акысынын фондунун, жылдык эмгек акыны төлөөнүн тандалган санына жана камсыздандыруу тарифинин тузөтүү коэффициентине барабар.

 

Өндүрүштүк персоналдардын адистик коркунучтарынын класстары үчүн камсыздандыруу тарифтеринин минималдык өлчөмү

Адистик коркунучтардын классы Минималдык камсыздандыруу тарифтер % менен

Тоо-кен өнөр жайы

0,47

Мейманканалар жана ресторандар

0,12

Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарды сунуштоо

0,07

Кайра иштетүү өнөр жайы

0,19

Билим берүү

0,02

Кыймылсыз мүлктөр операциясы, керектөөчүлөргө кызматтарды сунуштоо жана ижарага берүү

0,07

Коммуналдык, социалдык жана персоналдык кызматтарды көрсөтүү

0,08

Электроэнергияны, газды жана сууну өндүрүү

0,15

Балык уулоо, балык багуу

0,21

Айыл чарбасы, мергенчилик жана токой чарбасы

0,21

Курулуш

0,14

Соода, автоунааларды, тиричилик жана жеке колдонуудагы буюмдарды оңдоо

0,11

Транспорт жана байланыш

0,08

Финансылык ишмердүүлүк

0,06

 

 Адистик коркунучтардын баардык класстары үчүн

Адистик коркунучтардын классы Минималдык камсыздандыруу тарифтер % менен
Административдик-башкаруучу персонал

0,03

Жардамдашуучу персонал

0,12

Камсыздандыруу тарифи минималдуу болот, камсыздандыруу ишканасы жумуш берүүчү менен макулдашуу аркылуу ишкана үчүн бир топ жогору тарифтерди бекитүүгө акылуу.

Минималдуу камсыздандыруу тарифтери эмгек коопсуздук системасы жогорку деңгээлдеги ишканалар үчүн колдонулат. Тарифтердин максималдуу чеги,  атаандашуу чөйрөсү бар болгондугуна байланыштуу бекитилбейт.

Сыйлыкты эсептөө үчүн персоналдын кез келген категориясы боюнча, бир жылдык эмгек акысынын фонду база катары колдондулат. Камсыздандыруу келишимин түзүүдө, камсыздандыруу суммасы, бир жылдык эмгек акысынын фондунан ашып кетсе, камсыздандыруу тарифин түздөөчү төмөнкү коэфициенттер колдонулат:

Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын бекитүүгө колдонулуучу эмгек акы фондунун саны Камсыздандыруу тарифин түздөөчү коэффициент
1

1,00

2

1,84

3

2,63

4

3,39

5

4,13

6

4,85

7

5,55

8

6,25

9

6,93

10

7,60

11

8,27

12

8,93

13

9,58

14

10,23

15

10,87

16

11,50

17

12,13

18

12,76

19

13,38

20

14,00

Камсыздандыруу келишимин он эки айдан ашык убакытка түзгөн учурда төмөнкү көлөмдөгү камсыздандыруу сыйлыгы бекитилет:

Камсыздандыруу мөөнөтү Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу сыйлыгынын пайыздары)

1 айга чейин, кошо алганда

20

1 айдан 2 айга чейин, кошо алганда

30

2 айдан 3 айга чейин, кошо алганда

40

3 айдан 4 айга чейин, кошо алганда

50

4 айдан 5 айга чейин, кошо алганда

60

5 айдан 6 айга чейин, кошо алганда

70

6 айдан 7 айга чейин, кошо алганда

75

7 айдан 8 айга чейин, кошо алганда

80

8 айдан 9 айга чейин, кошо алганда

85

9 айдан 10 айга чейин, кошо алганда

90

10 айдан 11 айга чейин, кошо алганда

95

11 айдан жогору

100
Келишимдин жарактуу мөөнөтү

Камсыздандыруу келишими жазуу түрүндө камсыздандыруу полисин берүү жолу менен 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.

 

 

Жумуш берүүчүнүн, жумушчулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарып жатканда зыян келген кезде жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Эмгек акысынын фонду
Эмгек акысынын фонду
Эмгек акысынын фонду
Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом