+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88
Ар бир адамда өзүнүн коопсуздугуна болгон талап бар. Көптөгөн адамдар үчүн жеке турак жай – бул коопсуздуктун кепили, жеке “чеби” жана үй-бүлөлүк очоктун куту сакталган ыйык жай.
Бирок азыркы заманбап мезгилде да биздин үйлөрүбүздү көптөгөгөн коркунучтар курчап турат. Ал эми жеке турак жайдын наркы арзан эмес. Ошондуктан күтүлбөгөн чыгашалардан тышкары болуунун ишенимдүу жана үнөмдүү жолу бул - турак жайды камсыздандыруу келишимин түзүү.
Өрттөн; |
|
Жаратылыш кырсыктарынан; |
|
Суу түтүктөрүнөн, канализациядан, жылытуу системасынан, өрт өчүрүү системасынан жана кондиционерден, суу чыгып зыян келгенде, ошондой эле кошуналардын батиринен суу агып зыян келтирген учурда; |
|
Буу казандарынын, газды сактоочу жайлардын, газ түтүктөрүнүн, машиналардын, аппараттардын жана ушул сыяктуу жабдыктардын жарылуусунан; |
|
Карактоо, мыйзамсыз кирүү жана тоноодон; |
|
Терезелердин айнектерин, күзгүлөрдү жана витриналарды сынуудан; |
|
Кимдир бирөөлөрдүн карасанатайлык аракеттеринен; |
|
Камсыздандырылган турак жайга учуучу объектилердин жана алардын калдыктарынын кулап түшүүсүнөн; |
|
Жер үстүндөгү транспорт каражаттарынын коюп кетүүсүнөн жана сууда жүрүүчү транспорттордун басып калуусунан. |
Эгерде камсыздандыруу алкагында Сиздин батириңиз же анын ичиндеги мүлкүңүз зыянга учураса – биз Сизге акчалай компенсация беребиз, ал өз кезегинде Сизге турак жайынызды калыбына келтирүүгө кеткен чыгашаларды абдан азайтууга жардам берет.
Эгерде Сиз өзүңүздүн батириңизди толук түрдө реалдуу баага (конструктивтүү элементтерди эске алуу менен) камсыздандырган болсоңуз, анда камсыздандыруу алкагында батириңиз жараксыз деп табылса, Сиз өзүңүздүн батириңизге шайкеш келген башка батир алуу үчүн акча каражаттарын аласыз.
Камсыздандыруунун ар кандай варианттары жана арзандатуулардын системасы, Сизге өзүңүздүн жекече камсыздандыруу полисин түзүп алууга мүмкүндүк берет.
Биздин адистер, төмөнкү телефондор аркылуу, Сиздерге кеңири кеңештерди берүүгө жана камсыздандыруу полисинин наркын эсептеп берүүгө ар качан даяр:
Же болбосо төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: