+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88
Мулктү камсыздандырууга кошумча биз өндүрүштүн токтоп калуусунан улам жаралышы мүмкүн болгон чыгашаларды камсыздап коргоону сунуш кылсак болот (чарбалык иш аракеттерден улам).
Өндүрүштүн мүлкүнүн өрт кырсыгынан, суу түтүктөрүнүн системасынын иштен чыгуусунан, жаратылыш кырсыктарынан, тоноодон, ж.б.у.с. өтө олуттуу зыян тартып өндүрүштүн токтоп калуусуна алып келиши мүмкүн. Мунун негизинде кошумча чыгашалар жаралат:
1. Башта пландалган киреше алынбайт;
2. Өндүрүш токтоп калганына жана анын акыбалына карабастан күнүмдүк чыгашалары улана берет.
1. Камсыздандырылган чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунда да уланган күнүмдүк чыгымдар.
Чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунда уланган күнүмдүк чыгымдар – булар, ишкерчилик токтоп калган учурда дагы Кардар ал чыгымдарга учуроого мажбур болгон чыгашалар. Анткени, зыянга учураган же жок болгон мүлктү кайрадан калыбына келтирген учурда, кыска мөөнөттүн аралыгында чарбалык ишкерчиликти жандандырып, өндүрүшкө (чарбалык ишкерчиликке) зыян келгенге чейинки көлөмдөгү продукция өндүрүүгө жетүү зарыл. Мындай чыгашаларга төмөнкүлөр кириши мумкүн:
2. Чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунан улам кирешелерди жоготуу.
Камсыздандырылган чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунан улам кирешелерди жоготуу – бул эгерде Кардар материалдык зыянга учуроонун кесепетинен улам, ишкана токтоп калган мезгил аралыгындагы, эгерде өндүрүш токтобогон жагдайда ала турган кирешеси, анын ичинде:
Ишкананын токтоп калган мезгилдеги чыгашасын калыбына келтирүү убактысы, Кардар тарабынан өз алдынча тандалып алынат. Бул өз кезегинде, Кардар өзүнүн баамында канча мезгил аралыгында мүлкүн калыбына келтирип, ишкананы кайра ишке киргизе аларлыгына байланыштуу болот. Тараптардын келишими аркылуу жоопкерчиликтин максималдуу убактысы 1 айдан 36 айга чейин болушу мүмкүн.
Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: