Урматтуу “Ингосстрах”нын кардары!
Мүлкүңүз зыянга учураган кезде Сизде БОЛБОШУ КЕРЕК:
- Дүрбөлөңгө түшпөңүз, эстеңиз Сиздин мүлкүңүз камсыздандырылган.
- “Ингосстрах”нын адисинен алдын-ала кеңеш албай туруп оңдоп түзөөчү ишканалардын кызматтарын төлөө боюнча чечим чыгаруу.
Камсыздандыруучунун камсыздандыруу жагдайы болгондо аракеттенүүсү:
Болуп өткөн окуя тууралуу токтоосуздан “Ингосстрах”нын авариялык комиссарына билдирүү. Камсыздандыруу жагдайы болгондон тарта 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, камсыздандыруу жагдайы болгон күндү кошкондо, “Ингосстрах”га же ыйгарым укуктуу өкүлүнө жазуу түрүндө (почта, курьер аркылуу, телекс менен телеграф же телефакс менен) билдирүү.
Өрт болгон кезде
- Өрттү өчүрүүгө аракет кылыңыз, окуя боюнча 101 телефонуна чалып өрткө каршы кызматтардын органына билдириңиз жана андан аркы аракететиңизди өрт өчүрүүчүлөрдүн сунуштары менен жүргүзүңүз.
- Жабыркабай калган буюмдардын сакталуусуна кам көрүңүз;
- Өрткө каршы кызматтардын органынан өрттүн себептери жана кабыл алынган чечим боюнча аныктама алыңыз (эгерде тергөөнүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген болсо - аталган органдардан аныктама) жана “Ингосстрах”га өткөрүп бериңиз.
Үчүнчү жактардын укуктан тыш аракеттеринен улам:
- Болуп өткөн окуя боюнча токтоосуздан милициянын территориалдык бөлүмүнө 102 телефону аркылуу кайрылыңыз жана окуя болгон жерге территориялдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин чакырыңыз.
- Жабыркабай калган буюмдардын сакталуусуна кам көрүңүз;
- Күнөөлү адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу үчүн территориялдык милиция бөлүмүнө, болуп өткөн окуя боюнча арыз жазыңыз.
- Ички иштер органдарынан болуп өткөн окуя боюнча аныктама алыңыз.
Жаратылыш кырсыктары учурунда:
- Болуп өткөн окуя тууралуу аныктама алуу үчүн, токтоосуз түрдө гидрометеорологиялык кызматтарга окуя боюнча маалымат бериңиз.
- Жабыркабай калган буюмдардын сакталуусуна кам көрүңүз.
Суу аркылуу зыянга учураганда:
- Турак-жайды пайдалануу ишканаларына билдирүү;
- Мүлктү сактоо боюнча чараларды көрүү;
- Болгон окуя тууралуу “Ингосстрах”га билдирип жана андан ары анын көрсөтмөлөрү менен аракеттенүү.
Жалпы сунуштамалар:
Кеңеш алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыныздар:
- +996 (312 / 558 / 701 / 777) 98 67 68;
- +996 (312) 61 45 88;
- +996 (312) 61 46 34.